Элчи Абдылдаев “Кыргызстан-Тажикстан” достук коомунун мүчөлөрү менен жолугушту
Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун төрагасы Сайдулло Хайруллоев жана “Кыргызстан-Тажикстан” достук коомунун мүчөлөрү менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо элдик дипломатиянын механизмдерин колдонуу маселесин жана өз ара сапарларды, биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.
Элчи Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун базасында жаңы «Кыргызстан-Тажикстан» достук коому түзүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстандын Чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштар коомунун ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.