Саясат

Садыр Жапаров расмий сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн расмий сапары менен Казакстанга келди.

Астананын эл аралык аэропортунан Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

Астана шаарынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки жактуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын айкелинин ачылыш салтанатына катышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентинин расмий сапарынын алкагында «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздор форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар өтүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button