Коом

Мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар 22-апрелден тарта ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы нотариустар да ишке тартылып, Юстиция министрлигинин кызматкерлери Бирдиктүү мамлекеттик нотариалдык кеңседе консультация беришет.

Ошону менен бирге, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрыла алышат.

Эске салсак, 9-июнга чейин мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштырууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button