Коом

19-апрелге карата аба ырайы

Жума күнү Баткен менен Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, ал эми Ош, Баткен, Нарын жергесинин тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21…+26, Таласта +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14…+18 градус жылуу болот.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош калаасында +25…+27 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button