Коом
Жети-Өгүз районунда 111,5 млн сомго бала бакча курулат
Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдак айылына бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматта жаңы бала бакча 140 балага ылайыкташа турганы айтылат.
Пландаштырылган тендердин суммасы 111,5 млн сомду түзөт. Арыз 7-майга чейин берилиши керек.