Коом

ИИМ: Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен айрым облустардын жетекчилеринин кызмат орундары алмашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрликтин буйругу менен милициянын генерал-майору Мурат Боронов Баткен ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы кызматына, ал эми Ош ШИИБдин карамагында турган милициянын полковниги Улан Жукенов Баткен ОИИБдин башчысы кызматына, милициянын подполковниги Улан Орозалиев Бишкек ШИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалышты.
Ал эми, Ысык-Көл ОИИБдин карамагында турган милициянын подполковниги Максат Абдымомуновго Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
Ички иштер органдарынын эң маанилүү ресурсу болуп саналган кадрдык потенциал коомдогу негизги социалдык функцияны – мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоону чечүүгө көмөк көрсөтөт.
Жаңы дайындалган жетекчилердин бир топ аткара турган иштери турат, алар коомдук тартипти сактоого, кылмыштулуук менен күрөшүүдө жана ыкчам тапшырмаларды аткарууга жаңыча мамиле жасоо, жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button