Саясат

Астанада Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи өттү

Бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргызcтан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Казакстан Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button