Коом

Бишкектеги тез жардам унааларынын көйгөйү көчмө жыйында каралууда

Бишкектеги тез жардам унааларынын көйгөйлөрүн чечүү максатында көчмө жыйын өткөрүлүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, көчмө жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ЖКККББ жетекчилигинин, ошондой эле тез жардам кызматынын өкүлдөрү катышууда.

Анда тез жардам кызматынын унааларына “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу айып пулдар келип жаткандыгы боюнча маселе көтөрүлдү. Аны жеринде кароо үчүн жыйындын катышуучулары Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу тез жардам унааларынын автобазасына барышты. Андан соң ЖКККББнын Мониторинг борборуна келишти.

Аларга “Коопсуз шаар” долбоорунун иши, камералар кайсы жол эрежелерин бузуу фактыларын тартары көрсөтүлдү.

Ошондой эле эл өкүлдөрүнөн турган комиссия тез жардам унаалары бузган жол эрежелерине чыгарылган токтомдор жана аларды комиссиянын кароосу менен жокко чыгаруу тартибин карашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button