Коом

УКМК Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдайт. Видео

Азыркы учурда, комитет бүткүл өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Заманбап синтетикалык дары – бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу “капкан”. Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

 Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шаар тургундарын баңги заттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланышкан бардык белгилүү фактылар боюнча : +996708314813 WhatsApp жана Telegram ишеним телефону аркылуу билдирүүгө чакырат. Кыргызстандыктар дени сак келечек үчүн!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button