Саясат

Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 26%га өстү

Президент Садыр Жапаров Астана шаарына болгон расмий сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди. 

Жолугушууда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

“Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди”, — деп айтылат маалыматта. 

Казак президенти эки өлкөнүн мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюлуп жатканын, ал казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

“Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык жыл сайын кеңейүүдө. 2023-жылы өз ара товар жүгүртүү 1,5 млрд долларга жетип, 26%га өскөн. Бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга чейин көтөрүү керек”, — деди Касым-Жомарт Токаев. 

Ошондой эле, Садыр Жапаров Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

«Тараптар жакынкы келечекте боордош эки элдин кызыкчылыгында ишке ашырыла турган күн электр станцияларын, ферросплав заводун, индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу сыяктуу эки тараптуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button