Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева инстаграммдагы жеке баракчасына сөзү өзүнө таандык биринчи чыгармасы менен бөлүштү. “Менин жашоомдогу биринчи ыр. Ушунчалык токтоо, бир аз муңдуу жана чексиз. Бардыгыбызды бириктирген карантин сыяктуу”,  – деп жазган ал. Ошондой эле, бул чыгармага клип тарта тургандыгын дагы кошумчалаган.