Шоу-бизнестин таттуу түгөйлөрү деп аталган ырчы Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова ажырашып кетишкендиги тууралуу кептер кызуу тарап жаткан маалы. Учурда шоу-бизнес уу-дуу түшүп, кесиптештери түгөйлөрдү талкууга алып жатышкан маалы.

Буга себеп Асель айымдын социалдык тармактагы баракчасына жазган постторунан улам ачыкка чыкты. Анан да Асель айым учурда апасынын үйүндө кызы менен күн кечирип жатканынын инстаграмга жүктөгөн сүрөттөрүнөн белгилүү. Түгөйлөрдүн эки ажырым жолго кетишкендигине үй тиричилик, майда-барат маселелер себепкер болгонун кыйытып жазган Асель айым төмөнкүдөй билдирүү калтырган. «Биздин менталитет сүйүүнү да, гармонияны да бузат. Ооба, мен чындыкты айтсам баарыңар мени жектешиңер мүмкүн. Бирок карантинден пайдаланып менде ойлонууга көп убакыт болду. Мен жаңы бөлүмдөн жашоо баштайм».

Асель айым Нурлан мырзадан биротоло кутулууну чечкенби? Айтор, «Инстаграм» желесинен «отписка» болуп кеткенине күбө болдук. Алдыда түгөйлөр тууралуу маалыматтарды дагы да чогултуп, тастыктаган соң сиздерди кабардар кылып турабыз окурмандар!

Булак: Багыт