Талыкпаган эмгеги менен көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон ырчы, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бүгүн 29унчу жазын тосуп жатат. Ырчыга байланышка чыгып куттуктап ал жайын сураштык.

«Жыл сайын түнкү саат он экиде досторум жакын курбуларым сюрприз кылып келишчү, азыр абалга байланыштуу тынч үйдө балдарым, жолдошум менен туулган күн тосом» —  дейт ырчы айым.

Ошондой эле Самара эл журтка амандык, чыдасак баарын жеңебиз деген жакшы тилегин билдирди.