Шоу-бизнес

Жылдыздар карантинди кандай өткөрүп жатат?

Элдин маанайын көтөргөн, калк кызматында жүргөн ырчылар карантинди кандай өткөрүп жатканын сурап кайрылдык.

Айрымдары өлкөгө киргизилген өзгөчө абалда, элдин маанайын көтөрүп кечкисин кошуналарына концерт тартууласа, айрымдары онлайн концерт берүүдө.

Ал эми көпчүлүк ырчылар муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн жардам берип, четте карап калбай жарандык милдетин аткарып жатышат.

Алгач Айнура Салахидинова эжекебизге байланышып ал абал сурадык. Учурда балдар менен үйдө экенин айтып, биринчи мугалим болуп жатам -дейт ырчы айым.

«Доор» ансамблинин солисткасы, Маданияттын мыкты кызматкери Фарида Өмурзакова эжеке учурда күүлөрдүн үстүндө иштеп, библиотекадан көп китеп алгам, ошолорду окуп, алаксып жатам дейт ырчы айым.

Фарида Карбосова карантинди китеп окуп, кичинекей бөбөгүм менен өткөрүп жатам дейт. Иним, апам Нооруз майрамына келип, карантинге байланыштуу кайра айылга кете албай меникинде калышты. Инимдин баласы мага өтө жакын, экөөбүз ойноп убакыт кандай өткөнүн байкабай жатам дейт. Карантиндин жакшы жагы, бир топ жаңы идея, жакшы ойлор келип жатат. Биз адамдар көп нерсенин баркына барчу эмес экенбиз. Эң алгач эркиндик эмне экенин, топук кылуу эмне экенин билип жатабыз.

Эми ушул абалдан чыксак адамдар жакшы тарапка өзгөрсө экен, ооруп жаткан жарандар эртерээк сакайып, жергебизде жакшылык көп болсо экен деген аруу тилегин билдирди.

Салима Балтаева эжеке биз чалганда муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип жүргөн экен. Карантинде китеп окуп, уй жумуштары менен алек экенин айтып, убаккыттан пайдаланып Коллин Маккалоунун « Поющие в терновнике» китебин окуп жатам дейт ырчы айым.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button