Белгилүү ырчы Кубик Калыковдун кызы Айпери Калыкова өзүнүн инстаграмм баракчасына «Күйөөң каякта? Эмнеге көрсөтпөйсүң?» деп сурагандар көп болууда. Эгер ушул сүрөт 100 миңден ашык «лайк» чогултуп, 10 миңден ашуун комментарий жазылса, эртең бетин көрсөтүп чыгарам»,  — деген билдирүү калтырган. Лейлектин кулунун көрүүгө куштар болгондор көп экен. Ырчынын талабы аткарылып, 100 миң лайк, 10 миң комментарий чогулган соң, Айпери сөзүнө туруп, жолдошун ачыктады.