Бир канча күндөн бери Өзбекстанда белгилүү ырчылар, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү борборлорунда оператор болуп иштөөдө.

Алардын бири Севара Назархан өзүнүн социалдык баракчасына ыктыярчы болуп, элдердин чалуусун кабыл алып, кээ бирлерине психологиялык жардам берип, айрым учурда өзүнүн ырларын ырдап элди тынчтандырып жаткан видеосун жүктөгөн.

Мындай кадам менен өзбек ырчылары элди пандемия кезинде үйдө болууга чакырып, чыдасак баарын жеңебиз деген билдирүү таратты.

Эске салсак,  учурда Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 1275 кишиге жетти.