Өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу бир топ жарандар, колунда барлар, муктаж болгон үй бүлөлөргө жардамын берип абалдан чыгып жатабыз. Тамак аш азык-түлүктөн муктаж болгондорго ырчылар да четте калбай жардам берип жатышат. Чыгармачыл адамдар ар бир нерсени жүрөгүнөн өткөрөт эмеспи.

Ырчы айым Малика Дина өзүнүн инстаграмм баракчасына жардам берип жаткан видеосун жүктөп, анын астына, «Кайда барба күйөөлөрү үч,төрт бала менен тыштап кеткендер, кайда барба ата-энесин кароосуз калтыргандар, деги биз адамдар эмне болуп баратабыз. Жүрөк ыйлайт. Ар бир наристе ата-апасынын жанында чоңойсунчу . Кудайдан тиленем! Эч ким кордукту, зардыкты көрбөсө экен. Ден соолугу чың болуп, жакшы жашап кетсе экен»— деген билдирүү калтырган.

Чынында кыргыз мырзалары кыйын турмушту башкага баруу менен, баласынан кечүү менен, бир сааттык кумар үчүн кечип кеткендей сезим калтырат. Эртең бул балдар чоңойсо жүрөгүндө жек көрүү сезими менен чонойбойбу? Эртеңки келечек кандай болот? Мамлекет үй бүлөдөн куралат эмеспи. Азыр биздин кичинекей мамлекет түптөлбөй туруп, урап баратса, чоң мамлекет кантип бекем болот? Жүрөк өйүгөн абал көп учурда.