Баткен облусунда дарыгерлер окутуудан өтүүдө

309

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Саламаттыкты сактоо министрлигине жазган  сунуш катынын негизинде, Баткен облусуна Бишкек шаарынан эки ыктыярдуу дарыгер келип, жергиликтүү дарыгерлерди практика жүзүндө окутууда.

Мындан сырткары облустун бардык ооруканаларында, үй бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, дарыгерлер, жугуштуу илдеттин алдын алуу,ооруну дарылоо, медициналык коргонуучу каражаттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери жана эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча  дистанттык негизде окутуудан өтүүдө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы