36 жаштагы Марьем Узерли 6 жаштагы кызынын сүрөтүн ачыкка чыгарды. «Даңазалуу доор» аттуу түрк сериялы менен популярдуу болгон актриса өзүнүн социалдык баракчасына 6 жаштагы кызынын сүрөтү менен бөлүштү.

Кичинекей Лара чоңойгон сайын атактуу апасына окшош экенин көрүүгө болот. Ларанын атасы түрк бизнесмени Джан Атеш. Бизнесмен кызынын жарык дүйнөгө келүүсүнө каршылыгын көрсөтөт. Сүйүшкөндөр дал ушул жагдайдан улам 2013-жылы эки ажырым жолго түшөт да Марьем сериалга тартылуудан баш тартып Берлинге кетип калган.

Ал эми Ларанын атасы убада бергендей үч млн түркия лирасын төлөп берген эмес.