Уулун аеосуз урган жаранды милиция кармап кетти

Социалдык тармактарда уулун аеосуз урган жарандын өздүгү аныкталып, укук коргоо кызматкерлери кармап кетишти.

Маалыматтарга караганда 36 жаштагы жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну.

Анын “токмок жеген” уулунан башка дагы эки перзенти бар. Туугандарынын айтымында, баланы окутабыз деп Москвага алып кетишкен.