Маданият жана маалымат туризм министри Азамат Жаманкулов жаңы конуштарда жашаган элдерди көрүп, мен үчүн бул чоң ачылыш болду дейт. Министрдин айтымында буга чейин 395 миң жардамга өтө муктаж үй-бүлөлөр катталган, учурда алардын 55 пайызы жардам алышкан. «Мен болжолдуу түрдө элестеткен, жардамга муктаж жарандарды. Буга чейин деле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барып жүргөм. Бирок, жакында таштандынын жанында жашаган жарандарга бардык. Мен мынчалык болоорун күтпөгөн элем, ал жерде жарандар кантип жашашат, бул мен үчүн чоң ачылыш болду» — дейт жаш министр. Ошондой эле айрым беделдүү жашаган үй-бүлөлөр да жардам сурап кайрылганын, аларга барган штабдын волонтерлор алардын жашоосун көрүп, жардамга анча муктаж эмес экенин түшүнүп, кайра артка кетишет деп кошумчалады Жаманкулов.

Учурда өкмөт муктаж болгондорго 200 млн сом каражат бөлгөнүн да айтып өттү.