Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов коомдук ишмер, модель, теледива Ассоль Молдокматовага коронавирус пандемиясы маалында жасаган салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаманкуловдун айтымында, өлкөдөгү кыйын кырдаалга карабай Ассоль Молдокматова Кыргызстандын артисттери менен биргеликте элдин рухун көтөрүп, өз үйүндө концерт берип, муктаждарга азык-түлүк жактан жардам берип келет. Маданият министри Кожомкул атындагы спорт сарайда Ассоль Молдокматова менен болгон жолугушууда “Жеке өзүңүз ырдап чыгууга аянтча түзүп берип, элдин, өлкөнүн духун көтөргөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем. Ал эми ырдап чыгууну чектөө боюнча маселе да болбош керек деген ойдомун. Бул жалпы иш, өлкөнүн иши. Бул иш эл үчүн жасалып жатат. Жетекчилик жана кайсы бир ведомство тарабынан эч кандай чектөө болбош керек”, — дейт министр.

Эске салсак буга чейин, Ассоль айым эл артисти Элмирбек Иманалиев каза болгон күнү концерт бергени үчүн журналист Ильич Кулназаров жана фейсбук колдонуучулар бүгүн жөн эле койсоңуз болмок деген таризде теледивага нааразычылыгын билдирген эле.