Атамбаевдин эрке кызы Алия Шагиева алгачкы клибин коомчулукка тартуулады. Клип тартуу карантинде тартылгандыгына токтолуп, ырчы сүрөтчү айым төмөнкүдөй комментарий берген:

«Ыр дагы, клип дагы үйдөн жаздырылды. Карантиндеги чыгармачылык. Бул ыр жашоо жана анын кызыктай бөлүгү жөнүндө. Бул менин алгачкы клибим, мен анын ушундай шартта тартылганына кубанам”, – дейт Шагиева.

 Эске салсак, буга чейин Францияга сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, көчөдө бир тыйын акча калганын айтып чыккан эле.