Актриса жана продюссер Ассоль Абдуллина Америкада өткөн Tribeca Film Festival 2020 кино фестивалында Materna толук метраждуу тасмасында аялдын образын мыкты аткаргандыгы үчүн сыйлык алды.

Белгилүү болгондой, Абдуллина аталган тасмада образ жаратып эле калбай, сценарий жазышкан. Тасманын айрым бөлүктөрү 2018-жылы Бишкекте тартылган. Жүрүп жаткан пандемиядан улам сыйлык тапшыруу аземи жылдырылган.

Ал эми жюрилер онлайн чогулуш өткөрүп, эң мыктыларга добуш беришкен. Конкурстун жыйынтыгы инстаграмм тармагына жарыяланган. Кинофестиваль Tribeca Film Festival, TFF Нью-Йорк шаарында өткөрүлүп келет. Робертом Де Ниро, Джейн Розенталь жана Крейг Хаткофф тарабынан 2002-жылы негизделген. Эске салсак, Ассоль Абдуллина буга чейин, кыргыз-казак кино жаратуучулар тарабынан тартылган «Райские птицы» тасмасында Патинин образын жараткан.