Бул тууралуу “коом пресс” сайтына Эрнест Бөрүбаев билдирди.
“Биз гаражда жашаган үй-бүлө тууралуу видеону чыгаргандан кийин Германияда жашаган Тамара аттуу Казармалык эже мага кайрылып “Эрнест, эми мен бул жактан качан барам билбейм. Үйүмө барып жашап турушсун” – деди. Гаражда жалпысынан 8 адам ушунчалык жаман шартта жашагандандыктан карап туруу мүмкүн эмес. Көчүрүп келип койдук, шарты жакшы экен. Бизде кайрымдуу адамдар көп экен. Үй-бүлөгө жок дегенде жарым жылга жете турган азык түлүк жыйып беришиптир” – деди ал.