Ырчы Анжелика карантинде убакытты текке кетирбей жаңы алган особнягында бакча иштери менен алек болду. Тагыраак айтканда ал кыздары, апасы менен кошо жер үйүнүн бакчасына арык казып, арча, бак отургузган.

Ырчы айым бул тууралуу инстаграм баракчасына сүрөттөрүн жүктөп:  “Үйдүн жумушу бүтмөйүнчө, каяктагы көчөнүн жумушун бүтүрмөк элең?” деп апам көп айтчу. Төртөөбүз айымдардын эле эмес, мырзалардын дагы жумушун кошо бүтүргөндү уйрөнүп жатабыз.))

Бул сүрөттүн алдына “үйүңүз жакшы экен, бизге да буюрусун”, “азамат, биз да ушундай үйгө жетели” деген сыяктуу пикир калтыргандар көп болду. Баарынан “бул үйдү жаңы алдыңызбы?” деген суроо басымдуулук кылды. Аларгы ырчы айым: “Былтыр күзүндө кирип, жаңы жыл тосконбуз”,-деп жооп берди.

Булак: БарсМедиа