Атактуу Мэрилин Монро жөнүндө кызыктуу 10 факт

Аялдардын чырайына таандык стандарттар жыл өткөн сайын олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон менен Мэрилин Монронун образы аялзатына таандык чыныгы классикалык үлгү болуп саналат. Бул атактуу аялды көргөндө эркектер башын жоготуп коюшса, аялдардын ичи туз куйгандай ачыша турган. Монро тууралуу көптөгөн көркөм тасмалар тартылып, китептер жызылууда. Бир сөз менен айтканда Монро – бул легенда.

1. Чыныгы жана каймана аты

Легердарлуу моделдин чыныгы аты – Норма Джин Бейкер. Ал эми каймана  атын ал карерасынын башында өзү тандап алган. Монро – бул чоң энесинин фамилиясы эле. Алгач ал Жан Адэр деген ысымды жактырган.

2. Балалык кез

Мэрилиндин бүтүндөй балалык өмүрү балдар үйүндө өткөн. Өз энеси психикалык оору менен жабыркап, такай дарыланууда болгондуктан кызына тарбия бере алган эмес. Булардын үй-бүлөсүндө оору эне жагынан мурасталып келген, башкача айтканда актрисанын чоң энеси дагы шизофрения менен жапа чеккен. Бактысыз балалык жана дайым коштоп жүрүүчү стресстердин кесепетинде кыз сүйлөгөндө кекечтене баштаган жана 16 жашка келгенде кандайдыр бир адистердин жардамсыз эле ал бул көйгөйдү жеңип чыккан.

3. Алгачкы иш

Келечектеги жылдыз алгач авиациялык заводдо иштеген жана анын милдетине парашюттук ткандардын бышыктыгын текшерүү, ошондой эле самалёттордун корпусун сырдоо кирген. Дал мына ушул жерде ал фотограф Дэвид Коновердин назарын өзүнө бурган. Келечектеги модель Дэвидди сүрөткө  өтө  сүйкүмдүү  болуп түшө билүүсү менен таң калтырган. Кыздагы мындай потенциалды байкаган сүрөтчү анын фото сүрөттөрүн моделдик агентчиликтерге жөнөтүп жиберет. Мунун өзү Мэрилиндин турмушун түп тамырынан өзгөрткөн.

4. Кудай берген сулуулук

Актриса адамды тамшандыра турган сулуулукка ээ болгонуна карабай пластикалык хирургдун кызматына кайрылган. Башкача айтканда хирургдар  Монронунун ээги менен мурдунун формасынын үстүндө кылдат эмгектенишкен. Ал эми көкүрөгүн идеалдуу көрсөтүү үчүн пластикалык хирургдар парафинди пайдаланышкан. Чачынын түсү боюнча айта турган болсок, актриса аны дароо эле тандап ала алган эмес. Анын чачынын табигый түсү коңур кара түстө болгон.

5. Билими

Актрисанын билими жок болгондуктан аны алгачкы жылдары «билими тайкы кыз»-деген ат ээрчип жүргөн. Анын өз милдетине карата жоопкерсиздиги жана репликаларды унутуп калуу адаттары режиссёрлордун ачуусун далай келтирген. Бирок, атактуу аялдын үй китепканасында ар кыл жанрдагы 400дөн ашык романдар болгондугун көпчүлүк биле бербейт. Монро окуганды абдан жакшы көрчү.  

6. Эл билбеген талант сырлары

Мэрилин Монро өз өмүр баяны тууралуу чыгарма жазган жана ал көзү өткөндөн кийин гана жарык көргөн. Ошондой эле ал аялдардын ичинен чыккан биринчи продюсер болуп саналат. Анын продюсерлик борбору «Ханзада жана бийчи кыз» деген аталыштагы бир гана көркөм тасма жараткан. Ошондой эле, ар кыл мастер класстарга баруу менен актриса актёрдук чеберчилигинин үстүндө талбай эмгектенген.

7. Зер буюмдарга болгон мамилеси

Мэрилин Монронун эң эле популярдуу ыры бул – «Бриллианттар кыздардын эң жакшы көргөн курбусу». Ошого карабастан ал мындай кымбат баалуу зер буюмдарына көңүл кош мамиледе болгон. Ал эми көпчүлүк алдына чыгаарда ал аларды убактылуу гана алып, кайра өткөрүп бере турган. Бирок, кийим-кечеде дегенде ак эткенден так этчү. Жакшы кийимдерди кийип алып, күзгү алдында бир далай убакыт койкоңдой турган.

8. Үй-бүлөлүк абалы

Мэрилин Монро үч жолу күйөөгө тийип чыккан. Эң биринчи жолу ал авизаводдун кызматкерине турмушка чыккан  жана анда ал болгону 16 жашта болгон. Экинчи жолу ал бейсболчу  Джо Ди Маджиого күйөөгө чыккан. Бирок экинчи күйөөсү абдан кызганчаак болгон. Дал ушул Джо эгерде Мэрилин андан биринчи каза боло турган болсо, жума сайын күмбөзүнө гүл алып барып тураары тууралуу сөз берген. Джо чынында эле бул сөзүнө турган жана Мэрилин каза болгондон кийин дээрлик жыйырма жыл боюу күмбөзүнө чоктой кызыл гүлдөрдү коюп турган. Үчүнчү күйөөсү америкалык драматург Артур Миллер болгон. Артур менен никеде көпкө жашаган, ал тургай Артурдан төрөп алууну дагы максат кылган. Тилекке каршы, анын бул оюу ишке ашкан эмес.

9. Эң аз айлык алган актриса

Мэрилин Монронун атагы таш жарып тургандыгына карабастан алган айлыгы өтө аз болгон. Карьерасын модел катары баштаган жана бул үчүн болгону 5 доллар алган. Айтылуу Playboy журналынын биринчи номурунун мукабасы Мэрилин Монронун  сүрөтү менен жарык көргөн. Бул ага болуп көрбөгөндөй атак-даңк алып келген, бирок бул сүрөтү үчүн ага болгону 50 доллар төлөшкөн. Актриса бир катар узак келишимдерди түзгөн менен эң аз өлчөмдөгү гонорарларды алган. Каза болоруна төрт күн калганда өмүрүндө биринчи жолу чоң келишимге кол койгон. Ойногон эки ролу үчүн ал бул ирет бир миллион доллар алмак.

10. Акыркы күндүн сыры

Мэрилин Монронун өлүмү бүтүндөй эле купуя сыр. Башкача айтканда, бүгүнкү күнгө чейин ал боюнча көптөгөн версиялар жана божомолдор айтылат. Көпчүлүктүн айтуусу боюнча ал баңги затынан өлсө, башка бир версия боюнча мафиянын курмандыгы болгон, дагы башка бир вариант боюнча ал өзүн өзү өлтүрүп тынган.