КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикирин жазып калтырган:

«Лейлек районунун акими Баймурат Асатович ава сизге да чон рахмат, эл менен болуп күнү-түнү иштеп жатасыз. Үй-бүлөбүздүн атынан Лейлекте табият кырсыгы, сел апаатынан жабыр тарткандарга 6 тонна ун, 1 тонна май, 500 кг макарон таркаттык. Чындыгында жапа чеккендер абдан көп (( 100дөн ашык үй-бүлөгө өз колубуз менен, жеринде барып көрүп бердик! Кайрымдуулук иштеримди эч качан жарыялаган эмесмин, бул жолу тартып көрсөтүүнү туура көрдүм!