Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 718 аскер бөлүгү куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрунүн арасында өткөн #Улуу Жеңиш 75 Великая Победа эстафетасына катышты.

Быйыл, биз Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 75-жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул жалпы Кыргызстандын калкы үчүн эн улуу майрам экендиги талашсыз. Быйыл бул ыйык майрамды белгилеп жатып биз бул улуу майрамдын нацизмдин үстүнѳн жетишилген эң ыйык майрам экендигин түшүнѳбүз жана биздин аталарыбыз менен чон аталарыбыз фашизмдин кара күчтѳрүн жеңүүгѳ жана аны тамырынан жок кылууга кошкон салымдары үчүн чын жүрѳгүбүздѳн сыймыктанабыз.

Бул улуу майрамдын мезгилдер ѳткѳн сайын улам аарылап убакыттын каттамына оролуп бизден алыстап жатканына карабай ал биздин Ата-Мекенибиз учун баа жеткис тарыхый маанилүү,эч нерсеге алмаштыргыс окуя экендигин түшүнѳбүз. Бүгүнкү күндѳ ѳлкѳбүздѳ бул майрамды алып берген баатырлардын азайып бараткандыгы ѳкүнүчтүү.

Биз кийинки муундар Улуу согуштун баатырларына өмүр бою таазим этүүгө милдеттүүбүз. Азыркы кезде жаштар адам каны суудай аккан кыргын согушта курман болгондорду дайымаэстеп, алардын эрдигине баш уруубуз керек.

Ушул салтанаттуу майрамды тосууга Ички коопсуздук аскер кызматынын 718 аскер бөлүгү #УЛУУЖЕҢИШ 75 ВЕЛИКАЯ ПОБЕДА -жылдыгына активдүү катышышты жана бардык ардагерлерге чың ден-соолук, узак өмүр каалайт. Биздин баардык мекендештерибизге ачык асман, бакыт таалай жана жарык маанай мененүй-бүлѳнѳргѳ ынтымак-рашкелдик каалайбыз. Жакындарыныздарды, уул кыздарыныздарды сактаныздар.

Улуу Жеңиш күңүңүздөр менен куттуктайбыз!!!

Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы