Ырчы Кызсайкал Кабылова тамада Эрнис Бөрүбаевди депутат болуш керек деп эсептейт. Бул тууралуу пикирин ырчы кыз социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

“Кыргыз элин кыйын күндө таштап кеткен жок.Колдон келишинче жардам берип жүрөт. Аллах ыраазы болсун. Бүгүн менде бир ой жаралды менин байкем депутат болуш керек деген. Сиздер кандай ойлойсуздар? Кыргызстанга оозу менен эмес колу менен иш аткарган, дал ушу менин Эрнис Бөрүбаев агамдай адам керек. Сизди көпчүлүк эл депутат болушуңузду каалап жатат!”, — деп пост бөлүштү ырчы.

Булак: Компромисс сайты