Ырчы Айпери Кубик кызы ишкер Урмат Барыктабасовго карантин учурунда муктаждарга берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, инстаграм баракчасына жазды:

“Азыркы өлкөбүздөгү илдеттин айынан канча деген үй-бүлө кыйналып жаткан учуру. Себеби мага купуя келген билдирүүлөр, телефон чалып, муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны көп. Чынында колумдан келишинче жардам берип келдим. Дагы да колумда болсо эле жардам кыла берем. Баары Аллахтын ыраазычылыгы үчүн! Дал ушундай кайрымдуулук иштеринин артынан бугун Урмат Барыктабасов агайыбыз менен тааныштым.

Карантин учурунда көбүнө жардам берип, колун сунган инсанга кубанычта болдум. Чындыгында элибиз үчүн күйгөн, даанышман, көптү көргөн, жаштарга кеп-кеңешин берип, акыл насаатын айткан киши экенине ынандым. Балыкчы шаарындагы өзүнө таандык пансионатын карантинде обсервацияга мамлекетке бериптир. Анан да маектешип отурганда канча деген адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да байланышып, жардам берип жатканына күбө болдум.

Аллахым ыраазы болсун сизден! Ушундай эли үчүн күйгөн, муктаждарга жардам берген адамдарыбыз көп болсун. Анан да мыкты жолдош, үлгүлүү ата, мээримдүү чоң ата экенсиз! Баса, бизнес жаатына аралашып баштаганыма 2 жыл болду.

Буйруса бизнес тармагында да өзүмдү жакшы эле сынап баштадым. Урмат агайыбыздан көптөгөн кеңештерди алдым. Себеби, мыкты бизнесмен! Бизнести кантип өнүктүрсө болот, кантсек болот деген суроолорго сонун жоопторду алып кайттым”, — деп жазган ишкерге ырчы айым..

Булак: Чындык медиа