Орусиялык миллиардер, “Сибантрацит”, “Востокуголь” компанияларынын ээси Дмитрий Босов өз жанын кыйды.
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты. Дмитрий Босов “Forbes” журналында эң бай адамдардын рейтингинде 86-орунда турчу. Ал 52 жашта болчу.
Маалыматка караганда, окуя 6-майга караган түнү болгон. Босовдун жансыз денесин шаар четиндеги үйүнөн табышкан. Ал эми анын жакындары окуянын чын эле болгонун тастыктаган