Опера жана балет театры онлайн режиминде гала-концерт көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн 8-майда билдирди.

Маалым болгондой, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык концерт даярдаган.

Ал 9-майда саат 18: 00дө КТРК Мадянят каналынан көрсөтүлөт. Көрүүчүлөргө «Тальяночка», «Пилоты», «Катюша», «Журавли», «Смуглянка», «Вечер на рейде», «Синий платочек», «День Победы» ырлары ырдалат.

Ал эми аткаруучулар Кыргыз Республикасынын эл артисти Керим Турапов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артист Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев, Айбек Саралаевд, Тилек Найманбаев, эл аралык конкурстардын лауреаттары Глеб Ким, Бактыбек Алмайбеков, Бактыбек Алимбековдор жана опера балет театрынын алдыңкы солисттери , Оксана Шутова, Анжелика Федорова, Айзирек Момунова, Таир Бейшеева, Нуржигит Асанов, Данияр Долотбаков, Нурлан Суймоналиев, Сталбек Жунушалиевдер ырдашат.