Актриса Асем Токтобекова алыска сапарга чыгат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

“Кудайыма ыраазымын.Тилеген ойлорум ишке ашып, алыскы жолго сапар алалы деп турабыз бирөө менен. Жакында жакшы жаңылыгым менен бөлүшөм. Карантинге да ыраазымын, мага аябай пайдасы тийди.Көп жагынан пайдасы тийди!”,-деп маалымдады актриса.

Азырынча актриса кайсы тарапка барарын жана эмнеге барарын айткан жок.

Актриса Асем Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн, 2008-жылы «Боз салкын» тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн «Восток-Запад» эл аралык кинофестивалында «Эң назик образ» байгесине ээ болгон. Учурда өмүрлүк жолдошу экөө үч баланы тарбиялап өстүрүүдө.

Булак: Заман кж