Белгилүү алып баруучу Айзада Жамгырчиева КТРКдан съемкадан чыгып келе жаткан жеринен башына кара мүшөк кийгизип коркутушкан.

Бул убакта алпаруучу адаттадыгай Инстаграм баракчасына видео тартып бара жаткан. Жамгырчиеванын башына кара мүшөк кийгизилген видео соцтармактарга жайылып кеткен жана кабатыр болгон күйөрмандары ага жаза башташкан. Акыры алпаруучу бул жөн гана тамаша экенин жана бул “пранкты” досу билгизбей келип жасаганын түшүндүрүп, бирок чындап коркуп калганын айткан.

Эскерте кетсек, акыркы убактарда коомчулукта “пранк” деген түшүнүк пайда болуп социалдык желелерде ар кандай жүрөктүн үшүн алган ыкмаларды колдонгон видеолор тарап калды. Ошол пранкты колдонгондор алгач ошол “каарман” кылып тандап алган адамдын коопсуздугу тууралуу  ойлошпойт. Бирок оюндан от чыгат болуп,  дүйнөлүк статистикада ушундай пранктардан каза болгондордун саны өсүүдө.

https://www.youtube.com/watch?v=nggGoknq3iw&feature=emb_logo

Булак: Абал кж