Модель, актер Эрнис Айдаралиев Улуу Рамазан айында сүйүктүүсү менен баш кошту. Эми ал Кызсайкал менен тараган айың кептерге бир отоло чекит койду.

Эгиз козудай бири-бирине бап келген түгөйлөрдүн үйлөнүү-үлпөт тойу эч кандай шаан-шөкөт менен коштолгон жок. Кыргыздын каада-салты менен турмуш курушуп, жүздөрүнөн бактылуу сезимдерди көрүүгө болот. Анан дагы эки түгөйлөр ыйман жолунда жүрүшкөндүктөн ырчы чоорчулар дагы чакырылган эмес.

Буга чейин Эринс Айдаралиевдин мурунку жубайы Кызсайкал Кабылова Эрнис тууралуу күйөрмандары ар кандай сөздөр менен тынчын алып жатканын соцтармактагы баракчасына билдирген эле.

Менин атымдан аккаунт ачып алып, үйлөнүп алды деп ыйлап жазып жатышат! Үйлөнмөктөн нары ашып кетсин, мага баары бир. Элдер мени ушул аккаунттардан кирет деп ойлоп жатышат экен. Жеке билдирүү толуп кетиптир ичиң күйүп ачып жатасыңбы аккаунттарды деп. Иштен кол бошобой 2 күн кызымды көрбөй, 2 сутка уктабай иштеп жүрөм. Мен үйлөнгөгүн жакында уктум бактылуу болсун адам катары кызым экөөбүз атасына бакыт каалайбыз. Биз таакыр сүйлөшпөйбүз бир жыл болду бири-бирибизди тааныбай деле калдык десем болот-деп Кызсайкал Кабылова билдирди

https://www.instagram.com/p/CAMly4QAJCf/?igshid=groc6lbh0hk9