Буга чейин соцтармактарда Кызсайкал Кабылова менен жанаша түшкөн бейтааныш жигиттин сүрөтү талкууга түшүп, көпчүлүгү алардын ортосунда жылуу сезим бар деген кеп тараган.

Кызсайкал дагы жөн калбай күйөрмандарына «20 миң лайк, 2000 комментарий калтырышса мамалагымды көрсөтөм» деп билдирүү калтырган жайы бар.

Көп убакыт өтпөй Кызсайкалды жандаган жигиттин ким экендиги ачыкталды. Ал алыш боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, спортчу Эсенбек Кудайбердиев болуп чыкты. Спортчунун айтымында, Кызсайкал менен ортосунда эч кандай сүйүү мамилеси жок.

“Кызсайкал менин карындашым болот. Анын клибине тартылып, капыстан сүрөткө түшүп калдым. Биз кыз-жигит эмеспиз, агаймдын кызы болот”,-деди ал.