Буга чейин ырчы Амир Аскаровдун «Сага барамын» деген ыры чыгып, күйөрмандардын көпчүлүгү клиптеги кызга көздөрү урунган. Анда ырчы менен кыналышып, кыз жигиттей таасир калтырган сценалар көп. Клипке тартылган бийкечти көпчүлүгү «Амирдин сүйгөн жары, эми ушул кызга баш кошот» деп азыркы мезгилге чейин интернет колдонуучулары айтып келишет.

Бирок, ырчы айтылган айың кептерге жооп берип, клипке тартылган кыз менен жакын мамилеси жоктугун, анын жолдошу бар экенин «Кадам медиага» маалымдады.

«Клипке тартылган кызды көптөр эми ошо кызга үйлөнөсүңбү деген суроо салышты. Негизи ал клиптеги кыздын аты Аида Чоткараева буга чейин модель болуп жүргөн. Анын жолдошу бар, ал эми клипке тартылууга жолдошу өзү уруксат берген. Бул деген чыгармачылык. Анын чыгармачылыгын жолдошу колдоп турат. Клипке айтылган сын пикирлерге мен терикпейм. Эң башкысы өзүмө жакса болду,- дейт ырчы.