Эстрада ырчысы Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен чогуу түтүн булатып жашап келе жатканына 2 жылдан ашканын, ажырашпай эле бактылуу жашап жатканын соцтармактагы баракчасына жазды.

Бул жашоодо идеалдуу үй-бүлө болбойт. Бардык кыйынчылыктар турмушта кездешпей койбойт. Биз ажырашкан жокпуз. Жашообуз өз нугунда уланууда. Ушундай оор кырдаалда бизди колдоп жаткан жакын туугандарыма, күйөрмандарыма терең ыраазычылык билдирем. Биз 9 жылдан бери биргебиз 2 жылдан бери чогуу түтүн булатып жашап жатабыз. Мындан ары дагы баары жакшы болот”,-деди Асел Кадырбекова.

Белгилей кетсек, буга чейин Нурлан Насип өзүнүн инстаграм баракчасына кызы менен ойноп олтурган видеосун жүктөп, ырчынын жеке жашоосуна кабатыр болгон күйөрмандарын тынчтандырган.

Асел Кадырбекова «Жар жар» айтып, апасынын үйүндө жашап калганы социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, түгөйлөр ажырашып кетиптир деген сөздөр айтылган.