Дүйнөдө жүрүп жаткан пандемиядан улам өтпөй калган «Eurovision» шоусунун ордуна башка иш-чара уюштурулду.

Белгилүү болгондой, быйылкы сынактын финалы 16-майда Нидерланддын Роттердам шаарында болмок, анын ордуна 17-майда Европа мамлекеттериндеги 40 телеканал «Europe Shine a Light» (Европа нур чачат) деп аталган эки сааттык телешоу өткөрүштү.

Ага быйылкы «Eurovision» сынагына ат салышмакчы болгон бардык ырчылар үйлөрүндө туруп катышып, «Love Shine a Light» (Сүйүү нур чачат) ырдашты. Европа телерадиобирикмеси «Eurovision» эмки жылы Роттердамда өтөрүн, анда быйыл тандалган катышуучулар күч сынашарын айтты. Бирок баары жаңы ыр жөнөтүүгө тийиш.