Кыргызстандык жаш режиссер Самара Сагынбаеванын “Селкинчек” деп аталган кыска метраждуу тасмасы Аргентинада өткөн эл аралык кинофестивалда байгеге ээ болду.

Пандемиядан улам кинофестивал онлайн режиминде өткөн. Фильм айылдык мектепте от жаккыч болуп иштеген Болот аттуу жашы өтүп калган адам тууралуу. Ансыз да кампада аз болуп турган көмүрдөн уурдап кел деген байбичесинин азгырыгына туруштук берер-бербеси тасманын өзөгүн түзөт. Аргентинадагы фестивалда беш расмий сынак программасы бар. Булар көркөм жана көркөм фильмдердин эл аралык сынактары, көркөм фильмдердин улуттук конкурсу, ошондой эле кыска метраждуу жана кыска метраждуу даректүү фильмдердин эл аралык сынактары. Мекендешибиз Селкинчектин кыска эмгеги үчүн «өзгөчө жетишкендиктери үчүн» сыйлыкка ээ болду. Белгилей кетсек, Самара Сагынбаева 30 жашта. Ушу тапта Чехиянын Прага шаарында билим алып келет.