КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикистан менен чектеш айылдарга жалпы 200 үй-бүлөгө 1500000 млн сомдук гуманитардык жардамды демөөрчү Каныбек атту жаран чогуу тарата турганын жар салды.

Анын айтуусунда, кайрымдуулук иштерин Рамазан айы башталгандан бери таратып келгенин, бул жолу жеке ишкер көмөгүн көрсөткөнүн «Кадам Медиага» айтты.

«Чек арада жашаган биртуугандар, мен үчүн баатырлар! Кайрымдуулук акциямды колдогон Каныбек акебизге Аллахым ыраазы болсун! Тизме бар буйруса ар бир жардамды өз колум менен таркатып чыгам. Анда ун, куруч, шекер, май, көп балалуу уй-бүлөөлөргө кир жуугуч машина. Кылган сооп иштерибизди Кудайым кабыл кылсын ылайым. Ыйык Рамазан айыныздар менен», — деди Самара Каримова.