Шоу-бизнес

Кеткилечи депутаттар! Гүлнур Асанова депутаттарды катуу сынга алды

Эстрада ырчысы Гүлнур Асанова Жогорку Кеңештин депутаттарын катуу сынга алганын өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты. Эл өкүлдөрүнө ачууланган ырчынын пикирин өзгөртүүсүз берилет.

-Мен ушул депутаттардын киргизип жаткан сунушун, которуп жаткан маселелерин канчалык аракет кылсам да тушүна албай жатам! Айланынайын жепжутаттар ой депутаттар эмнеге курч маселелелерди көрбөйсңөр? Чек ара, кумтөр, бажы жана башка кылаарга ишинер жок болсо, жок дегенде жөн эле креслонорго отуруп кеткилечи! Кыргызстандын атын силерге караганда спортсмендер, өнөр адамдары өз каражаттарын коротуп, намыска бек туруп, желегибизди желбиретип, мекенди таанытып келет! Анан араңдан бөлүнүп берген квартирага ичиңер өтүп, парламентке көтөрүп чыкканынар акылга сыйбаган нерсе! Мамлекет жасаган эмгеги үчүн болдубу квартира, болду ал киши дүйнө салса балдары жашап калсын! Көзү тирүүсүндө талашып баштаганынар акылга сыйбайт! Уят эле! Кеткилечи депуттар! Эшектин бир нерсесин түйө албайт экенсинер же чече албайт экенсинер! Тфу! Силерге казынадан айлык болгон да жалко экен! Татыктуу эмес экенсиңер! Элдин кызыкчылыгын ойлобогон, өзүңөрдүн бизнесинерди коргоо учун барат десе ишенгим келбечү…. Сабатсыз, билимсиздер чогулуп, болбогон нерсеге ЧАКУРУК жасайсынар! Мен силер учун уялдым бүгүндөн баштап! Ошол үчүн мелдештерге башка мамлекеттин атынан чыгып жаткандарды эми түшүнүп жатам! Качан оңолобуз? Жок дегенде балдарым көрүп калаар бекен жаркын келечекти! 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button