Эстрада ырчысы Анжелика элди эриктирбей, Инстаграм баракчасына улам бир видеосун чыгарып, талкууда калса да ар бир сынга чыдаган жаңы сатып алган особнягын кантип  жана кимдер жардам берип алганын айтып, видеосун жүктөдү:

“Айтор, үйүм сөз болуп жатат. Кайдан акча? Кантип? Ээээ алтындарым, Орусия жылдыздары гивтен беш күндө 500,000$ таап жатса, биз жок дегенде эки-үч миң доллар таап, кредит-ипотекаларды алып аны ай сайын жаап, он жылга стимул алып жакшы жашоого умтулуудабыз.

Колдогон бир гана Кудайым бар. Казакпы, араппы — көңүлүмө жаккандай жардамдашкан инсан бар. Ал экөөбүздүн жаңы долбоорлорубуз ачылып, карантин бүтөөрү менен сиздерди чакырабыз. Үйгө күндө жакындарым чачыласын чачып келүүдө. Оңдоп-түзөө иштери бүтсө онлайн үй той берем”, — деди.

Эскерте кетсек, өткөн жыл аяктап келатканда ырчы айымдын колун казак миллионери сурап, 502 роза берген эле.   Жакында эле Анжелика особняк үй сатып алганын жар салган, аны араб улутундагы көңүлүнө жаккан адам сатып берди деген да маалыматтар тараган эле.

https://www.instagram.com/p/CAe81sIlR9S/