Белгилүү ырчы Клара Алибекова «Жашоодо сыноого туруштук бералбай көп сындым, жаш кезимден ырдап эл көзүнө көрүнүп, элдин назары тийип, жаш аурасы таза жеткинчекке элдин суктанганы өтүп кетти окшойт. Апам ырдатпай турсак болчу экен деп айтат. 18 жашымда концерттердин биринде Байыш менен таанышып, ортодо сүйүү тутанып, баш коштук. Ошондо Гүлшайыр эже азыр жашсын карьера түптөп ал деп гастролго жиберип.

Менин атымдан гезиттерге, мен Байыш менен сүйлөшпөйм ал менин жигитим эмес деп интерввью бердирип салган. Аны окуп, мага өчөшүп Байыш азыркы аялы Динараны ала качып алган. Байыш бир кыздуу болгондо жолугуп, сүйлөшүп калдык, интервьюну мен бербегенимди айттым. Ошондо мен аялым менен ажыраштым, чыгармачылыгымды түшүнбөй койду деп мени көндүрдү. Ошентип тоскоолдуктарга карабай, Бишкекте той концерт берип, андан түшкөн каражатка бир бөлмөлүү батир сатып алдык.

Бир жолу иштеп жатабыз акча кайда деп сурап коюп, эжелеринен тил уктум. Жакындарынын кийилгишүүсү менен экөөбүз ажыраштык. Батирди балама алып калсам болмок экен. Алгач Байыш кийимин түйүп эле чыгып кеткен, кайра келип батирди сатып акчасын тең ортодон бөлобүз деди. Жаштык кылып макул болуп койюптурмун. Ошондо кайда барсаң анда бар батир балага калат деп койсомболмок экен. Азыр батирден батир, мектептен мектеп которуп тажадык. Анда санда татуу алып келип ойнотуп колуна миң сом карматып кетип калат. Алимент төлөбөсө баланын түйшйүшүгүн мен эле тартып жатпаймынбы. Өткөндө гезиттерге интервью берип Кларага баш кошконума өкүнөм деп айттыптыр. Жаш кызга тийишпей, бир кыздуу болгондо азыркыдай аялы менен жашай берсе эмне.

Балким мен да өз теңимди таап бактылуу болоор белем. Ал эми Жаныш жакшы, Баэлди алып келиңиз балдар менен ойносун, студияга келиңиз ыр жазып берем деп турат. Эмнеси болсо да баламдын барына шүгүр кылам. Балам болбосо ким үчүн жашамакмын билбейм. Биздин ажырашканыбызга көп жыл болду бул теманы козгогум деле келбейт. Болгону жан дүйнөмдү аңтарганда баары төгүлөт экен. Азыр балам эркек менен сүйлөшкөнүмду көрүп кызганып урушат.