Социалдык тармактарда «Ырчы Анжелика жаңы үй алыптыр», «Кайсы акчасына алды?», «Үйдүн баасы 1 миллион доллар экен» деген түрдүү имиштер тарады.

Жарыяланган сүрөттөрдүн ырчынын үйү Бишкектин түштүк тарабындагы «Сары-Өзөн» коттедж поселогунда экенин баамдоого болот. Анын жалпы аянты 312 чарчы метр. Үй чет элдик архитекторлордун чиймесинин негизинде салынган.

Анжелика жаңы алган үйүнүн ремонту бүтсө онлайн той берет. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди. «Айтор, үйүм сөз болуп жатат. Кайдан акча? Кантип? Ээээ, алтындарым, Россия жылдыздары гивтен беш күндө 500,000$ таап жатса, биз жок дегенде эки-үч миң доллар таап, кредит-ипотекаларды алып аны ай сайын жаап, он жылга стимул алып жакшы жашоого умтулуудабыз. Колдогон бир гана Кудайым бар. Казакпы, араббы- коңүлүмө жаккандай жардамдашкан инсан бар. Ал экөөбүздүн жаңы долбоорлорубуз ачылып, карантин бүтөөрү менен сиздерди чакырабыз. Үйгө күндө жакындарым чачыласын чачып келүүдө. Ремонт иштери бүтсө онлайн үй той берем», — деп жазды ырчы.