Коом

Кочкоров балдардын укугун коргогон орган түзүүнү сунуштады

1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аларга балмуздак алып бербей, системдүү түрдө алардын укугун жер-жерлерде коргой турган органдарды түзүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы январда бир нече балдарга карата зордук-зомбулук болгон 8 факты катталган. Ошол 8 фактынын төртөө балдардын өлүмүнө алып келген. Ошондон улам республикалык штаб уюштурулуп, ар бир райондордо, шаарларда иш алып барышкан.

«700 миң үй-бүлөнү кыдырып, 106 миң 975 мигранттардын балдары каттоого алынды. Балдарды коргойбуз десек, 1-июнда балмуздак алып бербей системдүү түрдө балдардын укугун жер-жерлерде коргой турган органдарды же кызматтарды түзүшүбүз керек деп айтканбыз. Ар бир айылда мигранттардын балдарын текшерип туруу керек», — дейт министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button