Карантин маалында азыр той-топур өткөрүүгө, массалык түрдө маданий кечелерди уюштурууга өкмөт тарабынан тыюу салынган. Ырчылар бул убакытта кол куушуруп отуруп калган жок.

Айрымдары эркектерден кем калышпай ырчы айымдар кара жумуштун майын чыгарып, жеке баракчаларына бөлүшүп жатышат. Айрымдарына токтоло кетели.

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы үйүнүн короосуна көрк берүүчү тосмону алгач темирлерин болгарка менен кескилеп, кийин аны ширетип, соңунда сырдаган. Мындан улам ырчы курулушка жаштайынан бышып жетилди десек болот.

https://www.instagram.com/p/CAc5Xhbg2vm/?utm_source=ig_web_copy_link

Айпери Кулбаева дагы карантинди пайдалуу өткөрүп жолдошу менен чогуу чөп чаап, айылда убактысын бекерге коромжу кылбаганы көрүнүп турат.

https://www.instagram.com/p/CA64sNDHtXL/?utm_source=ig_web_copy_link

Ырчы Айгерим Расул кызы Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдө кыш коюп, курулуш тармагында иштеп жатканын жарыялаганын маалымдаганбыз.

https://www.instagram.com/p/CANv1fqJyHM/?utm_source=ig_web_copy_link

Ырчы Самара Каримова болсо жолдошу Асан Мансуров менен 2 жыл мурун баштаган курулушун бүтүрүп жатат.