![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/54512808_129017424900968_1354527086242563620_n.jpg)
Шоу-бизнес
Актёр Болотбек Тилек бойдокчулук менен кош айтышат. Ал болочок жубайынын сүрөтүн жарыялады
Актёр Болотбек Тилек Мындан ары социалдык тармактардан алыстап, үй-бүлөсү менен болоорун инстаграм баракчасына жазды:
“Бул менин боз улан бойдок кезимдеги, Инстаграм баракчама жүктөгөн акыркы сүрөтүм. Эртеңден баштап, жараткан Алланын буйругу менен турмуш жолуна аттанып, өзүмдүн үй-бүлөмдү куруп, өмүрлүк жубайым менен очогубуздун түтүнүн булатып кичинекей мамлекет куруп пайдубалыбызды тургузабыз.
Биринчиден жараткан Аллага шүгүр, ата-энеме таазим, алтындай бир туугандарыма миң алкыш, досторума жакындарыма ыраазычылык айтам. Хандын уулу эмес – элдин уулу болдум жалпы жаамий журтка элге рахмат мени чыгармачылыкта колдогонуңар үчүн. Баарыңарга ыраазымын. Жараткан Аллага чексиз мактоолор, шүгүрлөр болсун”,-деген ал.
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/d1aa5a9a-6471-4dcb-b593-2d9018c9fb13-512x1024.jpg)