Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарына Ирандан Кыргызстандын 3 жараны келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар Ирандын «Kish Airlines» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Бишкекке атайын транспорт менен алынып келди.
Алардын кайтып келиши тууралуу маселени Казакстандын Тышкы иштер министрлиги иштеп чыккан. Келген жарандар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.